Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 01.10.2018 09:01

Раимжан Курбанов «Улут болсом тилим менен улутмун» адабий-музыкалык кечеси менен өлкөнү кыдырат

Turmush -  Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата Раимжан Курбанов бүтүн дүйнөнү жана Кыргызстанды кыдырып, өзүнүн чыгармачыл кечесин өткөрүүнү пландаган. Ал эми Ош шаарында «Улут болсом тилим менен улутмун» аталышындагы адабий-музыкалык кечеси 28-сентябрда болуп өттү.

Бул кеченин демилгечиси Ош шаардык жаштар комитети, ал эми демөөрчүсү жана уюштуруучусу Ош шаардык мэриясы болгон. Аталган иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев да катышып, Раимжан Курбановго чыгармачылык ийгилик каалап, жакшы тилектерин билдирди.

Кеченин жүрүшүндө Раимжан Курбановдун кыргыз тили, туулган жер, эне жөнүндө окулган ырларын көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чаап, коштоп жатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×