Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2018 15:07

Ош шаары Кореянын шаарлары менен кызматташууну бекемдейт

Turmush -  Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэ Ек менен жолукту. Жолугушуунун алкагында С.Турдуев эл аралык мамилелер, достук келишими бар шаарлар менен болгон кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөр болду, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ошондой эле Ош шаары Кореянын шаарлары менен билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал эми Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Ха Тэ Ек мырза эки мамлекеттин кызматташуусунун алкагында жүрүп жаткан иштерге токтолуп, Ош шаарында да ар тараптуу иш-чараларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×