Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2018 12:36

Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Быйыл Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленет. Учурда майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматы боюнча, 4-октябрда ОшМУнун залында «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму, 5-октябрь күнү Эл аралык жаштар форуму, Ош шаарындагы окуучулардын аянтка тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү, «Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу» фестивалы, «Ош — ооматтуу ордо калаа!» аттуу майрамдык жармаңке, «Билим жана чыгармачылык жармаңкеси», клубдар арасында волейбол мелдеши жана улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт.

Ал эми кечинде шаардын борбордук стадионунда Ош шаарынын күнүнө арналып, эстрада жана фольклор ырчыларынын, бийчилердин катышуусунда майрамдык гала концерт болот. Андан соң жаштар үчүн бий кече уюштурулат.

Жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×