Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.09.2018 11:55 Жаңыланды: 28.09.2018 15:21 На русском

Оштун вице-мэри Шакир Зулимов кызматынан бошотуу тууралуу арыз жаздыбы?

Turmush -  Ош шаарынын вице-мэри Зулимов Шакир Мулашевич ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өз каалоосу менен арыз жазганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктаган. Бирок бул маалыматты Ш.Зулимов өзү жокко чыгарып жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы азырынча вице-мэрликтен бошотуу тууралуу буйрук чыгарыла электигин билдирген. Маалым болгондой, учурда Шакир Зулимов эмгек өргүүдө жүрөт.

Шакир Зулимов

Ал эми вице-мэри Шакир Зулимов: «Мен 24-сентябрь күнү 1 айга эмгек өргүүгө чыгууга гана арыз жазгам. Иштен кетүү боюнча арыз жазган жокмун», - деди.

Ал 2017-жылдын 17-февралында Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалган.

Ш.Зулимов ага чейин шаардын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын жетектеп келген. Ага чейин Ош шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болчу. Шаардык кеңешке чейин Ош шаардык мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектесе, андан мурда Ош ШИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга узатылган.

Ш.Зулимов 2010-жылдагы июнь окуясында оор жаракат алып, 2015-жылы мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү батир берилген. Ал 2 баласы, неберелери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×