Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 27.09.2018 16:34

Ошто 4-кабаттан кулаган эне-баланын абалы: Наристе чоң апасынын кароосунда

Turmush -  Ош шаарында 4-кабаттан кулаган эне-баланын абалы туруктуу. 8 айлык баласы менен кошо секирген келиндин кайын журту Ч\й облусунан Ош шаарына келишти, деп билдирди шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева.

Анын айтымында, учурда 8 айлык наристе чоң апасы менен атасынын кароосунда.

«Учурда эне-бала ооруканада. Келинди туугандары карап жатса, 8 айлык баласын кайненеси багып жатат. Ош шаардык паспорт-виза жана каттоо кызматына келинге паспорт алууга керектүү документтер тапшырылган. Паспорту келсе, баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынат», - деди Д.Анарбаева.

Ош облустук ооруканасынын бүгүн, 27-сентябрдагы маалыматы боюнча, эне-баланын абалы жакшы. Учурда палатага которулуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

--------------------------------------------------------------------

Балалуу келин 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү такталды. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, терезеден кулаган аялдын буту сынса, баласынын баш сөөгү сынып, баш мээсине кан уюп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, 4-кабаттан секирген келин үй-бүлөсү менен Чүй облусунда жашап жаткан. Жолдошу менен пикир келишпегендиктен эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласы менен август айынын ортосунда Ош шаарындагы бир тууган эжесинин үйүнѳ келген. Күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳн.

Буга чейин Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева бул үй-бүлө кандай шартта жашаганын билүү үчүн Кара-Балтадагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кат жолдонгонун билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Расмий маалыматта баласын көтөргөн аял терезеден секирген учурда мас абалда болгону айтылат. Ал эми өзүнүн энеси өмүрүнө кол салган наристенин келечеги социалдык кызматкерлер менен бирге талкууланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×