Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.09.2018 12:03

«Отургучтар сынган, ажатканага кире албай калдык»: Оштун борбордук стадиону 18 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын борбордук А.Сүйүнбаев атындагы стадиону 18 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек. Учурда отургучтары сынып, ажатканасына кирүүгө мүмкүн болбой калганын шаар тургундары айтып келишет.

«Көптөгөн концерттер уюштурулуп, ижара акы алышат. Өздөрүнүн атайын эсебинен каржылап, же шаардык сессияда ушул маселени көтөрүшсө депутаттар колдоп, эчак эле оңдолуп калмак», - дешет шаар тургундары.

Ал эми стадиондун жетекчиси Алмазбек Сулайманов ажаткананын долбоору даярдалып, Ош шаардык мэриясына жөнөтүлгөнүн, бирок 2 айдан бери жооп келе электигин билдирди.

«Стадион Ош шаарынын 3 миң жылдыгына карата толугу менен 2000-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ошол бойдон толугу менен оңдолгон эмес. Өткөн жылы Ош шаардык мэриясынан 3 млн сом бөлүнүп, стадиондун күн чыгыш жагындагы 3 миң 850 отургуч алмаштырылган. Бирок үстү жабылбагандыктан, жаан-чачында калып, сапатын жоготуп жатат. Шаар тургундары дагы концерттерде отургучка отурбай, ага чыгып алышат. Анын кесепетинен отургучтар сынып жатат.

Быйыл ажаткананын долбоорун иштеп, Ош шаардык мэриясына жөнөткөнбүз. Бирок азырынча жооп келе элек. Жакында Ош шаардык кеңешинин сессиясында каралат деп күтүп жатабыз. Ажаткана 12 орундуу болуп, 2 млн 200 миң сомдук долбоору иштелип чыкты. Мындан сырткары отургучтардын үстүн дагы жабуу боюнча кайрылгам», - деди жетекчи.

А.Сүйүнбаев атындагы стадион 1960-жылы 12 миң орундуу болуп ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×