Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 19:06

«Алайдын» футболчулары жеңишти «Дордой» клубуна алдырды. Эсеп — 2:0 (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 26-сентябрь күнү Кыргызстандын клубдар аралык чемпионатынын (Топ лига) кезектеги оюну болуп, анда Ош шаарынын «Алай» клубу өз үйүндө Бишкек шаарынын «Дордой» клубун кабыл алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө үй ээлери активдүү чабуулдары менен айырмаланып, бирок конок клубдун коргонуу зонасын жарып өтө алышкан жок. Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө талаа ээлеринин катасынан пайдаланган «Дордой» клубу 10-номурдагы жарым коргоочусу Муралим Ахмедовдун голунан кийин эсеп тактасын жаңыртышты. Арадан көп убакыт өтпөй эле конок клуб экинчи топту талаа ээлеринин дарбазасына киргизишти. Жыйынтыгында оюн 2:0 менен аяктады.

«Алай» клубу Топ лиганын алкагындагы маанилүү деп эсептелген оюнда упай жоготсо, «Дордой» маанилүү 3 упайга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×