Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 17:34 На русском

Ошто жашоочулар нааразы болгон конок үйдүн курулушу боюнча кайра териштирүү башталды

Turmush -  Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын нааразычылыгын жараткан конок үйдүн курулушу боюнча териштирүү иштери жанданды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Курманжан датка көчөсүндөгү №211 көп кабаттуу үйдүн (Бакыт үйү) жашоочулары 25-сентябрда нааразычылык акциясына чыгышкан. Аталган көп кабаттуу үйдүн түндүк-батыш тарабындагы бурчуна мыйзамсыз курулуш башталганын айткан жашоочулар жол тосулуп калганына нааразы болушкан.

Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, мыйзамсыз курулган курулуш Абдула Абдухалиловго белекке берүү келишиминин негизинде катталган.

Ал эми Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы билдиргендей, ушул жылдын январь айында №221 көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан курулушту текшерүү учурунда анын ээси уруксат кагаздарын көрсөтө алган эмес. Башкармалык бул боюнча чара көрүп берүү каты менен Экотехинспекцияга кайрылган.

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаардык регионалдык башкармалыгынын маалыматына караганда, мүлк ээси өз билемдик менен курулуш жүргүзүп, кошуналарына тынчтык бербей, бир нече эскертүүлөргө карабай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Аталган ведомство А.Абдухалилов Кылмыш-жаза кодексинин 353-беренесинин (өзүм билемдик) талаптарын бузуп жатат деп эсептеп, милицияга кайрылган. Ош ШИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 353-берененин негизинде козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскарткан. Кыскартылган кылмыш ишти Ош шаардык прокуратурасы иликтеп, кайрадан жандантты. Эми иликтөө уланат.

Буга чейин аталган конок үйдүн ээси, курулуш мыйзамдуу салынганын, кызыл китеби бар экендигин билдирген болчу.

Нааразычылык акциясы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×