Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 15:44

Ошто арматурага чалынган окуучу арыкка кулап, эс-учун жоготту (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 6-класстын окуучусу негизги жолдон тротуарга өтүп бара жатканда арматураларга чалынып жыгылды. Окуя кечээ, 25-сентябрда саат 14:00 чамасында Курманжан датка көчөсү менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, анын кесепетинен окуучу эс-учун жоготуп, арыктын ичине кулап түштү. Аны ошол жердеги күбөлөр ордунан тургузуп, суунун жардамы менен өзүнө келтирген. Күбөлөр тез жардам унаасын, окуучунун апасын чакырып, аны шаардык ооруканага алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×