Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 10:39 На русском

Оштун Курманжан датка көчөсүндөгү жашоочулар нааразычылык билдирип чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү №211 көп кабаттуу үйдүн (Бакыт үйү) жашоочулары 25-сентябрда нааразычылык акциясына чыгышкан. Аталган көп кабаттуу үйдүн түндүк-батыш тарабындагы бурчуна мыйзамсыз курулуш башталганын айткан жашоочулар жол тосулуп калганына нааразы.

Алардын айтымында, бул жерде алгач бильярд залы курулуп, кийин аны чоңойтуп дарыкана кылышкан. Акыркы эки жыл ичинде ал имарат дагы чоңойтулуп, туристтер үчүн конок үй курулган.

Аталган көп кабаттуу үйдө 40 жылдан бери жашап, 20 жылдан ашуун үй комитеттин башчысы болуп келген Бедел Арыкбаева нааразычылык акциясынын себебин айтып берди.

«Бул жерде 98 батир бар, 500дөн ашык адам жашайт. Биз каттаган эң негизги жолубуз ушул. Биз өткөн жолго мыйзамсыз конок үйүн куруп, жолду тар кылып салышты. Бул жерге күнү-түнү ызылдашып туристтер келет. Алар бизге уйку бербей, тынчыбызды алат. Конок үйүнө келген автоунаалар да көп, алардын айынан тез жардам, өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы жашаган жерибизге жакын келе албай калды», - деди Б.Арыкбаева.

Бул жердеги жашоочулар тиешелүү органдарга көп жолу арыз менен кайрылган. Бирок кылган аракеттери жыйынтыксыз болуп келет.

Ал эми өзүн конок үйдүн ээси катары тааныштырган Абдулла курулуш мыйзамдуу болгонун билдирди.

«Менин колумда керектүү документтер, кызыл китеп бар, демек курулуш мыйзамдуу. Бул имаратты бузуп салууга эч кимдин укугу жок», - деди ал.

Кийинчерээк Ош шаардык мэриясы жашоочуларды нааразы кылып жаткан конок үйүнүн курулушунун мыйзамдуулугу текшерилип баштаганын билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×