Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 25.09.2018 12:18 На русском

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жайыт бирикмелерине 17 техника таратылды

Turmush -  Ош шаарында түштүк аймактагы жайыт пайдалануу бирикмелеринин жетекчилерине 17 даана техника тапшырылды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдиргендей, бул демилге жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жайыт пайдалануу бирикмелеринин жетекчилерине техникаларды тапшыруу аземине вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө Ош облусуна 5 трактор, 2 «Хово», Баткен облусуна 3 трактор жана Жалал-Абад облусуна 7 даана трактор ташырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×