Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 25.09.2018 11:22

ОшМУнун Ноокат гимназиясы заманбап билим, улуттук тарбия берет

Turmush -  Аймактардагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатын улай 21-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Ноокат мектеп-гимназиясы ачылды. Ачылыш азем билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев, райондогу гимназия, лицейлердин директорлору, айыл тургундарынын катышуусунда өттү.

Г.Кудайбердиева учурда мамлекет тереңдетип билим берүүгө ыңгайлашкан мектептерге муктаждыгын, бул колдоого аларлык демилге экенин айтып, ОшМУнун аймактардагы билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү багытындагы жасап жаткан иштери да өлкө аймагына үлгү болушу керектигин белгиледи.

150 орунга ылайыкташкан гимназияга учурда атайын сынактын негизинде 60ка жакын окуучу кабыл алынган. Гимназияда кыргыз тили менен биргеликте чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн орус, англис, кытай, түрк тилдери окутулат. Ал эми медициналык окуу жайларда жогорку билим алуу үчүн химия, биология сабактары тереңдетилип окутулуп, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштери жүрөт.

Ошондой эле «Улуттук тарбия жана заманбап билим» концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, тигүүчүлүк, спорттук ийримдер (улуттук жана жалпы), IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер уюштурулган. Ал эми алыскы айылдардан келип билим алган окуучулар үчүн жатаканадан орун берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×