Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 26.09.2018 09:08 На русском

Сүннөт тойлордо күрөшүп баштаган Марлен Абдурасуловдун алтын медалы (видео)

Turmush -  19 жаштагы Марлен Абдурасулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюдарында алыш күрөшү боюнча 57 кг салмактагылар арасында алтын медалдын ээси болду. Ал Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Додон айылынын тургуну.

Марлен айылындагы «Додон» спорт клубунда алыш күрөшү менен 11 жылдын бери машыгып келет. Буга чейин да ар кандай мелдештерде алыш күрөшү боюнча байгелүү орундарды багындырып келген.

«Алыш күрөшү менен 7 жашымдан бери машыгып келем. Өзүбүздүн айылдагы “Додон” спорт клубунда Каныбек Абытов агай 11 жылдан бери машыктырат. Жаш кезимден эле сүннөт тойлордо күрөшүп жүргөм. Биринчи же экинчи класста болсо керек, тойдо кичинекейлер арасында күрөшүп, 1-орунду алгам. Мындай ийгиликтерге жетишиме ата-энемдин, машыктыруучум Каныбек Абытов агайымдын салымы өтө чоң», - деди М.Абдурасулов.

Бишкекте 2016-жылы улуттук классикалык күрөш боюнча чемпионат уюштурулуп, анда 57 килограмм салмакта чемпион болгон Марлен Кыргызстандын спорт чебери аталган.

«2016-2017-жылдары мектептер арасындагы спартакиадада биринчи орундарды алгам. 2017-жылы Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдеште 3-орунду камсыз кылдым. 2018-жылы ошол эле Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдеште экинчи орунду алгам.

Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болдум. Быйыл Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду алсам, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарында 1-орунду алып, алтын медалга ээ болдум. Айылдаштарым келгенимде жакшы тосуп алышты. Мен окуган окуу жайдагы агай-эжекелерим да жакшы тосуп алышты. Кубанычымды, ийгилигимди тең бөлүшкөн ата-энеме, дос-туугандарыма жана машыктыруучум Каныбек Абытовго чоң рахмат», - деди М.Абдурасулов.

Учурда Марлен Оштогу жогорку окуу жайда 2-курста билим алып жатат. Ал келечекте байгелүү орундарды ээлеп, Кыргызстандын желегин дүйнөнүн булуң-бурчунда желбиретсем деп кыялданат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×