Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 25.09.2018 12:52

ОГПИ: Мугалимдер мугалимдерге жардам берет

Turmush -  Жаңы окуу жылынын башталышы менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Япония өлкөсүнөн келген Канон жана Акита университеттеринин профессорлору тарабынан «Teachers Helping teachers» (мугалимдер мугалимдерге жардам берет) деген аталыштагы окуу — усулдук семинар болуп өттү.

Семинар эки өлкөнүн аталган окуу жайларынын келишимдерине ылайык ОГПИнин англис тили кафедрасы тарабынан уюштурулган. Ага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана шаардагы, райондордогу мектептердин англис тилчи мугалимдери катышты. Аталган семинар эки күндүк программа менен өтүп, жыйынтыгында катышуучуларга эки тараптуу квалификациялык сертификат тапшырылды.

Мындай саамалык ОГПИде атайын кызматташтык келишимдин негизинде 5 жылдан бери уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×