Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 25.09.2018 09:17

ОГПИде «Жаратман» чыгармачылык борборунун тренинг-сабагы старт алды

Turmush -  Ош шаардык кеңешинин депутаты, КМЮАнын бүтүрүүчүсү, КЭРдин Жилинский университетинин магистранты жана РФнын Ислам академиясынын докторанты, жеке ишкер Абдисаит Каримбеков Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн «Жаратман» чыгармачылык борборунун жаштары менен жолугушту.

22-сентябрдагы жолугушуу аталган борбордун ар ишемби күнү болуучу «Адамдыкка сапар» аталышындагы тренингинин алкагында уюштурулган. Анда А.Каримбеков жаштарга туура максат коюунун жөнөкөй жолдору, убакытты туура пайдалануу, ошондой эле идеалдуу адам болуунун формуласы жана адам болуп калыптануу тууралуу темалар боюнча тренинг өттү.

«Мындан тышкары коногубуз өзүнүн ишкердик чөйрөсүндөгү жетишкен ийгиликтери туурасында ой бөлүшүп, тренингдин катышуучуларына мыкты кеңештерин берип өттү. Ошондой эле жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар өздөрүнүн кызыккан бир топ суроолоруна жооп алышты», - деп айтылат окуу жайдын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×