Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 24.09.2018 18:28

Кара-Кулжада ОшМУнун гимназиясы билим берип баштайт

Turmush -  Ош Мамлекеттик университетинин Кара-Кулжа районунун борборунда түптөлгөн гимназиясынын ачылыш аземи 19-сентябрь күнү белгиленди. Ага университеттин ректору Каныбек Исаков, Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов, айыл өкмөттүн башчылары, мекемелердин жетекчилери жана аталган айылдын тургундары күбө болушту.

Гимназиянын ачылыш аземин Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Абдыкадыров жетектеп уюштурган.

Кара-Кулжа айылында жайгашкан Эргеш Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын 2 имараты Ош мамлекеттик университетинин каржылоосу менен толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн болчу. Эми ал Кара-Кулжа гимназиясы болуп аталат. Аны оңдоо иштерине жалпы 2,5 млн сом сарпталып, керектүү шарттар толугу менен түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×