Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 24.09.2018 15:45

Ош гуманитардык-педагогикалык институту Кыргыз тил күнүн салтанаттуу белгиледи (сүрөттөр)

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда дагы кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 29 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Анын урматына «Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет, тилимди мен туу тутуп өткүм келет» деген аталышта чоң программадагы майрамдык иш-чара өттү.

Бул салтанат Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайда жарыяланган он күндүктүн алкагында, колледждин башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулду, деп маалымдайт окуу жайдын басма сөз кызматы.

Майрамдык кеченин биринчи бөлүгү улуттук көрүнүштөр менен башталып, институттун борбордук аянтында колледждин ар бир кафедрасы өз алдынча каада-салттарды көрсөтүп, элдик оюндарды ойнотуп, элдик ырларды студенттер менен бирге аткарышты. Андан соң иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү окуу жайдын залында уланып, алгач жалпы катышуучулар менен биргеликте мамлекеттик тил гимни аткарылды.

Кеченин расмий бөлүгүндө окуу жайдын ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы С.А.Аманова куттуктоо айтышып, жалпы жамаатты жана студенттерди, улуттун жүзү болгон Мамлекеттик тил күнү менен кызуу куттуктап өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө салтанатка келген коноктор, окутуучулар жана студенттер колледждин аталган кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган адабий-музыкалык кечеге күбө болушту. Анда уюштуруу тобу эне тилди даңазалаган, мекенчилдикке, тилди сактоого үндөгөн чыгармаларды көркөм окуп, обондуу ырларды аткарышты. Ошондой эле таланттуу студенттер тилди даңазалоого багытталган чыгармачылык кечесин тартуулашты.

Мындан тышкары факультеттерде, бөлүмдөрдө Мамлекеттик тил күнүнө карата массалык иш-чаралар, акциялар, көргөзмөлөр, тарбиялык ачык сааттар жана дубал гезиттердин сынактары уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×