Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 20.09.2018 15:54 На русском

Ошто чет өлкөлүк студенттер кыргызча монолог айтып, обон созушту (видео)

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда Ош шаарында кыргыз тил майрамы белгиленип, чет өлкөдөн келип, билим алып жаткан студенттер кыргызча ырдашты.

ОшМУнун Эл аралык медицина факультетиндеги студенттер концерттик программа даярдашкан. Анда кыргыз тилинде ыр саптар, макал-лакаптар, монологдор айтылып, иш-чараны Эл аралык факультеттин англис тилчи мугалимдери уюштурду.

Медицина факультетинин деканы Жаныбек Муратовдун айтымында, мындай майрамдык иш-чара 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

«Бул иш-чараны кыргыз тил майрамына карата биздин гуманитардык кафедра жыл сайын уюштуруп келет. Алыскы чет өлкөдөн келген студенттер кыргыз тилинде ырдап, улуттук бийлерди аткарышат, макал-лакаптарды да айтышат», - деди Жаныбек Муратов.

Факультеттин социал-гуманитардык дисциплинария кафедрасынын башчысы Райхан Ысмаилованын айтымында, мындай саамалыктар улантылат.

«Мындай майрам бизде биринчи жолу уюштурулуп жаткан жок. Ар жыл сайын уюштурабыз. Студенттерибиз кыргыз тилин, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын канчалык деңгээлде үйрөнгөнүн көрсөтүшөт. Бул биз үчүн, кыргыз эли үчүн да жакшы көрүнүш деп ойлойм», - деди Р. Ысмаилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×