Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 20.09.2018 11:40 Жаңыланды: 20.09.2018 18:23 На русском

Айрым аялдардын күйөөсү эркек дарыгерге барба десе, айрымдар чечин десең качып чыгышат, - маммолог А.Эсенбаев

Turmush -  Оштогу облустар аралык онкология борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Абакир Эсенбаев 28 жылдан бери хирург жана маммолог болуп эмгектенет. Өзүнүн эмгек жолунда эң оор операцияларды жасап, көкүрөк рагына кабылган аялдарга өмүр улоо аракетин көрүп келет.

«1989-жылы Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайды аяктап, бизди бөлүштүргөндө өзүм онкология бөлүмүн тандагам. Себеби, жамаат ынтымактуу эле.

1990-жылдарга салыштырмалуу учурда рак дартына кабылгандар көбүрөөк. Көкүрөк рагына көбүнчө жашы өтүп калган аялдар кабылышат. Бирок акыркы кездерде жаштар да, өспүрүм кыздар да кайрылып жатышат. Кыз балдардын көкүрөгү чыккандан баштап бирдей өсүшүн, шишик бар же жок экенин салыштырып туруу керек», - деди Абакир Эсенбаев.

Маммолог дарыгер Абакир Эсенбаев Рак дарты төрт стадияга бөлүнөт. Бейтаптар 1-стадияда дарыгерге барса дарылоо натыйжалуу болушу мүмкүн. Бирок 4-стадияда да операция ийгиликтүү өтүп, жашап кетүүгө үмүт болот.

«Түштүктө менталитетти катуу кармаган, динге басым жасаган калк басымдуу болгондуктан аялдар тартынчаак келишет. Өзбек улутундагы аялдардын күйөөлөрү көкүрөгүңдү эркекке карматпа, аял дарыгерге кайрыл деп талап коюшат. Мындан улам "силерге жакшы врач керекпи же жөн эле аял керекпи?" деп айтып калам.

1990-жылдары аялдар көп кайрылышчу. Учурда жоолук салынган кыз-келиндердин жолдоштору аялдарын текшерүүгө тоскоолдук жаратышат. Айрымдар алгач келгенде "чечин" десең качып чыгышат. Бир сыйра көрүнүп алгандан соң кийинки келгенде өздөрү чечинип башташат», - деди маммолог.

Ал чет өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн барганда статистиканы салыштырган. Аны менен биздин өлкөдө рак оорусу башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз экенин байкаган.

«Аялдар менен иштешүү оор. Рак оорусуна кабылгандарга диагнозун угузуу эң оор иш. Эгер диагнозу начар чыкса жакындарына угузабыз. Бирок акыркы учурларда бейтаптын өзүнө угузуу туура экенин түшүндүм. Себеби, адамдардын түшүнүгү кеңейип калды.

Бир жаш келин төрөп эле бизге келди. Диагнозу рак болуп чыгып, аны угузуу абдан оор болгон. Көкүрөгүн кестирүүгө каршы болуп жатып, араң бир жумада көндүргөнбүз. Химиотерапия, дары-дармектер дагы салыштырмалуу кымбат», - деди Абакир Эсенбаев.

Рак оорусунун өөрчүшү адамдардын көп ойлонгону, стресс, депрессиядан да көз каранды болот.

«Бейтаптарга дайыма "жашап кетиш өз колуңарда, дайыма жакшы маанайда жүргүлө" деп айтам. Бир келинди 15 жыл мурда операция кылган элем. Ал мени Оштогу дүкөндөрдүн биринен көрүп калып, ыраазычылыгын айтканда аябай кубангам. Алардын көп жашаганы мага стимул болот. Ал эми бир аял операциядан качып кетип, жакында оор абалда келди. Андай адамдарга "өлөсүз" деп айта албайсың, "дарыны убагында ичсеңиз жакшы болуп кетесиз" деп узатам», - дейт ал.

Дарыгер жумуш учурунда кызыктуу окуяларга да туш болот.

«Бир ирет эшикте жамгыр жаап жаткан. Палатада көзөмөл кылып жүрсөм, баарынын маанайы суз. Бир учурда кокустан катуу үн чыкты. Бардык аялдар жата калса, мен да коркконумдан бир аялдын жанына жата калыптырмын. Үн басылган соң, баарынан мурда ордумдан турсам эч ким байкабай калыптыр. Өзүм айтып берип, баарын күлдүргөнүм эсимде. Көрсө бизден 20 метр алыста чагылган түшкөн экен», - деп эскерди.

Ош шаарында жашаган дарыгер 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×