Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 29.09.2018 00:55 На русском

Айыл турмушу: Оштун базарындагы «Ачык асман» кафесинде 50дөн ашык адам тамак-аш сатып, киреше табат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы борбордук базардын ортосунда жайгашкан ашканада күнүнө миңден ашуун адам тамактанат. 25 жылдык тарыхы бар ашканага каалоочулар тамак-аш жасап келип, сатышат.

Бул жай эл оозунда «Ачык асман» кафеси деп айтылып калган. Ал жерде 50дөн ашык адам иштейт.

17 жылдан бери иштеген сатуучунун айтымында, ашкана жеке менчик жер болгондуктан тамак-аш жасап саткандар күнүнө акы төлөп турушат. Төлөм сатуучунун ээлеген жерине же отургучтарга карата аныкталат. Күнүнө ар бир столго орто эсеп менен 250 сомдон 500 сомго чейин акы төлөшөт.

Ашканада 7 түрдүү тамак-аш сатылып, баасы тамак куюлган идиштин чоңдугу менен өлчөнөт. Тамактардын баасы 30 сомдон 70 сомго чейин. Ашканага келгендердин басымдуу бөлүгүн улгайган адамдар жана студенттер түзөт. Анткени тамактар даамдуу жана арзан болуп, кардарлар отурган орунга акы төлөнбөгөнү элди өзүнө тартат.

Ашкана жол боюнда жайгашып, анын кире беришинде 15ке жакын майда манты саткан соодагерлер бар. Иш убактысы саат 08:00дөн баштап 19:00гө чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×