Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 18.09.2018 15:39 На русском

Оштогу медициналык көргөзмөгө чет өлкөлүк 30дан ашык компаниянын өкүлдөрү чогулду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарында өтүп жаткан «МедЭкспо Түштүк 2018» көргөзмөсүнө дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышты. Белоруссия, Грузия, Индия, Италия, Казакстан, Кытай, Польша, Россия, Түркиядан келген 30дан ашык компания өздөрүнүн продукцияларын жергиликтүү керектөөчүлөргө сунуштап жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ата мекендик жана чет элдик ишканаларды бириктирген көргөзмө тажрыйба алмашууга, медицина тармагын өкүктүрүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө багытталды. Көргөзмөнүн негизги максаты керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдерди түзүү жана кызматташууну жакшыртуу болуп саналат.

С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрда уюштурулган көргөзмөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов катышты.

«МедЭкспо Түштүк 2018» көргөзмөсү Ош шаарында 3-ирет өткөрүлүп жатат. Иш-чара 3 күнгө созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×