Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 08.09.2018 15:17 Жаңыланды: 09.09.2018 10:04

Памирден келген бир туугандар Абдулвакил менен Нурулхуда билим алууну Ошто улантышат

Turmush -  Памирден Кыргызстанга келген балдардын экөө билим алууну Ош шаарында улантышат. Алар буга чейин Нарын облусундагы кесиптик лицейде компьютерди колдонуу боюнча билим алышкан.

Бүгүн, 8-сентябрда памирликтер менен Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жолугушту. Эми бир туугандар Абдулвакил менен Нурулхуда Турдахун уулу Ош мамлекеттик университетине караштуу окуу жайларда билим алып, жатакана, тамак-аш менен камсыз болушат, деп билдирди университеттин социалдык иштер боюнча проректору Түмөнбай Колдошев.

«Памирден келген бир туугандарды педагогикалык колледжге жана ыйман лицейине жайгаштырып жатабыз. Булар эми биздин студенттерибиз. Аларды кечээ, 7-сентябрь күнү жатаканалардын бирине жайгаштырдык. Эки-үч күндүн ичинде башка жатаканага которулуп, ал жерден 3 маал ысык тамак менен камсыз болушат», - деди Т.Колдошев.

Абдувакил Турдахун уулу 19 жашта. Ал буга чейин Ооганстанда орто билимге ээ болгон.

«Биздин атабыз Ооган парламентинде депутат болгон. Мындан улам биздин билим алуубузга атабыз шарт түзүп берип, иним экөөбүз Ооганстандын борборундагы мектептерден билим алганбыз. Өткөн жылы өз элибизде Кыргызстанда билим алууну көздөп, бул жакка келип калдык. Бизди Нарындан Ош шаарына которушту. Биз эми Оштон билим алып, Ооганстанда иштесек деген пландарыбыз бар», - деди Абдувакил.

Ал эми анын иниси Нурулхуда Турдахун уулу 16 жашта. Ал 9-классты аяктагандыгы тууралуу документтин негизинде «Ыйман» лицейинде билим алат.

«Биздин Кыргызстанга келгенибизге бир жыл болуп калды. Оштон алгач мектепти аяктап, андан соң чоң окуу жайдан билим алайын деп жатам. Мен чет тилин өздөштүргүм келет. Буга чейин да Ооганстанда чет тилдерин үйрөнүү үчүн атайын курстарга барчумун», - деди Нурулхуда.

Памирлик бир туугандарды «Сулайман-Тоо» музейи менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Тынчтык Досматов тааныштырып чыкты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×