Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 28.08.2018 11:15

Ошто 5 жыл мурун курулган 2 спорт зал шаардын карамагына өтө элек, - депутат

Turmush -  Бүгүн, 28-август күнү Ош шаардык кеңешиндеги депутаттар кезектеги сессияга чогулушту. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 40 эл өкүлү, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, биринчи вице-мэр Саибжан Турдубаев жана вице-мэрлер катышып жатат.

Бүгүнкү сессиянын башталышында Ош шаарынын социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон бир катар депутаттар Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле вице-мэр Нурбек Кадыров да ардак грамота менен сыйланды.

Жалпысынан бүгүн 7 маселе каралат. Учурда биринчи маселе Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эффективдүү пайдалануу, сактоо багытында аткарылып жаткан иштер каралууда. Анын алкагында Төлөйкөн менен Жапалакка эки спорт зал курулганына 5 жыл болсо да шаардын карамагына өтө электигин депутат Ашим Осмонов билдирди. Анын айтымында, ал спорт залдын тийиштүү документтерин тапкан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×