Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 16.08.2018 12:37 Жаңыланды: 16.08.2018 16:28 На русском

Видео, сүрөт — ОшМУнун 5 кабаттуу жаңы имаратын президент Сооронбай Жээнбеков ачты

Turmush -  Бүгүн, 16-августта Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин 5 кабаттуу окуу имараты президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, өкмөттүн Оштогү өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, окутуучулар жана студенттер катышты, деп билдирди кабарчы.

Жаңы имараттын уникалдуулугу кире беришиндеги дубалга 38 метрлик комуздун элеси (силуэти) орнотулганында. Эми бул имаратта искусство жана эл аралык мамилелер факультетинин 1400 студенти билим алат.

Ачылыш аземде өлкө башчы жогорку окуу жайдагы жамааттын биргелешкен аракетин белгиледи.

«Урматтуу мекендештер, көп жылдык тарыхы, бараандуу салымы бар Ош мамлекеттик университети 172 жогорку окуу жайлар менен иштешип келе жатасыздар. Талыкпаган аракеттин арты менен ушул деңгээлге жетип отурасыздар. Акыркы 3 жылда сырттан 7 млн долларлык инвестиция тартып, техникалык базаны чыңдадыңыздар. Жогорку окуу жайларга үлгү болуп келе жатасыздар. Бул ийгиликтерге жетишүүдө жалпы жамааттын аракети, ынтымагы чоң болду десем жаңылышпайм.

ОшМУ билим берүүнүн флагманы боло алды. Бизге азыр суу, айыл чарба адистери, IT технологдор, инженерлер керек. Биз ушул адистерди даярдап чыгышыбыз керек, болбосо биз дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере албайбыз. Бул имарат өзгөчө имарат. Каныбек Исаков бул окуу жайды 380 млн сом карызы менен алган эле. Азыр ушунчалык деңгээлге жеткирип отурат», - деди С.Жээнбеков.

Университеттин ректору Каныбек Исаковдун айтымында, бул имарат окуу жайдын акыркы 3 жылдагы 12-имараты.

«Бул имараттын курулуш иштери өткөн жылы башталган. Ал окуу жайдын эсебинен 56 млн сомго курулду. Ичинде окуу залдары, лекциялык залдар, лабораториялар, студенттер үчүн тигүү цехтери, көргөзмө залдары орун алган. Биз маданият, өнөр, искусствого кызыккан жаштарды колдоп, өзгөчө элибиздин арасындагы таланттуу, жөндөмдүү жаштарды тарбиялап өстүргөн заманбап окуу имаратын курууну ниет кылганбыз», - деди К.Исаков.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×