Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 28.07.2018 15:10 На русском

Ошто Өзбекстан куруп жаткан мектеп жаңы окуу жылында ачылат (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында Өзбекстан тарабынан курулуп жаткан №18 мектеп-гимназиясынын кошумча 630 орундуу имараты жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бүгүн, 28-июлда 3 кабаттуу мектептин ички курулушуна күбө болгон шаар башчы Таалайбек Сарыбашов анын сапатына да көңүл буруу керектигин белгиледи.

Мектептин аянты 1,15 чарчы метрге жетип, анда спорттук зал, маданий кечелерди өткөрүүчү зал дагы болот.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2017-жылдын 28-июлунда өкмөттөр аралык макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык Ош шаарындагы №18 мектеп-гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратын куруу иштери башталган болчу. Буга чейин эскилиги жеткен имарат 1936-жылы курулган эле.

Бул мектеп Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын балансында турат. Мэриянын маалыматы боюнча, мектептин ичине коюлуучу эмеректер жана башка керектүү жабдыктар Өзбекстандан алынып келет. Учурда курулуш иштеринде жалпы 150 жумушчу, 10го жакын техника иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×