Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 27.07.2018 13:10

Ош шаарындагы мектеп жашына чейинки балдардын 36 пайызы гана бакчага барат

Turmush -  Ош шаарында мектеп жашына чейинки балдардын 36 пайызы гана бала бакчага барат. Учурда шаар ичинде бала бакчага болгон муктаждык жогору.

Бул көйгөйдү чечүү максатында Ош шаарындагы бала бакчалар тарбиялануучуларды электрондук негизде гана кабыл алмай болду. Эми ар бир ата-эне балдары тууралуу маалыматты электрондук почта аркылуу жөнөтүп, канчанчы кезекте экенин билип турушат, деп билдирди шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саламат Айдарова.

«Ош шаарында 41 мамлекеттик, 26 жеке менчик бала бакча бар. Жалпы 15 миң 553 бала тарбияланат. Ал эми мектеп жашына чейинки даярдоо класстарында 2 миң 360 бала окуп келет. Жылына 3 миңден ашуун бала мектепке даярдалат. Бирок бул Ош шаарындагы жаш жеткинчектердин 36 пайызын гана түзөт.

Буга чейин ата-энелердин бала бакчалар коррупцияланып кеткени боюнча кайрылууларынын негизинде дагы бир топ иликтөөлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бала бакчалардагы коррупцияны алдын алуу максатында электрондук кезекке туруу башталды. Бүгүн, эртең бала бакчалардын жетекчилери окутулат. Ал эми ата-энелер электрондук почта менен сайтка катталып, балдарын кезекке тургузушат. Бала бакчага кабыл алуу боюнча сайтта кеңири маалымат жазылган. Ата-энелер балдары, өзү тууралуу маалымат жиберип, канчанчы орунда турганын биле алышат. Бир дагы бала жекече сүйлөшүү жолу менен бала бакчага алынбайт», - деди ал.

Ал эми атын атагысы келбеген шаардык тургундун айтымында, электрондук кезек күтүү системасы буга чейин да болгон. Бирок андан жакшы жыйынтык чыккан эмес.

«Мен балдарымды бала бакчага киргизүү үчүн кезекке дагы туруп көргөм. Бир бала бакчада №283 болуп катталдык. Шаардагы бир топ бала бакчага бардым, бирок баары тең бирдей. №283 болуп каттаган бала бакчанын кызматкерлерине 8 миң сом берсем, баламды дароо кабыл алышты. Мен электрондук кезек күтүүгө деле ишенбейм. Мындай система буга чейин болгон», - деди ал.

Буга чейин ар бир бала бакчанын жетекчилиги атайын журнал ачып, кезекке турган балдарды каттап келишкен. Ал эми Ош шаарында акыркы 4 жыл ичинде 7 бала бакчанын имараты, 2 бала бакчага кошумча имарат курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×