Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2018 19:11 На русском

Оштун жаңы мэри Т.Сарыбашов күбөлүк алып, расмий түрдө кызматына киришти (фото)

Turmush -  Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 24-июлда расмий түрдө кызматына киришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, ага аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Расул Кадыров мэрдин күбөлүгүн тапшырды. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, вице-мэрлер, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Таалайбек Сарыбашовду мэрлик кызматы менен куттуктап жатып, республикада экинчи борбор аталган Ош шаарынын өнүгүшүнө жаңы мэрдин тажрыйбасы жетет деген пикирин билдирди.

«Бүгүн Таалайбек Сарыбашов мэрлик кызматка киришип жатат. Сарыбашовдун буга чейин деле жасаган иштери менен таанышмын. Ал Алай районунда аким, андан кийин Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турду. Ал учурларда Сарыбашов жакшы иштерди аткарды. Эми минтип мэрликке аттанып жатат. Буйруса мыкты иштерди жасайт деген ишеничтебиз», - деди Аскаров.

Ага улай эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов да сөз сүйлөп, Сарыбашовду мэрлик кызматы менен куттуктады.

Таалайбек Сарыбашов аны колдоого келгендерге ыраазылык билдирип жатып, Ош шаарындагы бир катар жетекчилерди таанырын билдирип, алардын тажрыйбасы шаарды өнүктүрүүдө абдан керек болорун баса белгиледи.

«Мен Алай районунда аким болгонго чейин Ош шаарынын жашоочусу болчумун. Андан кийин деле ушул шаардын тургуну болдум. Мен буга чейин шаарда иштеген иш тажрыйбасы мол кызматкерлерди билем. Алардын тажрыйбасы шаарды өнүктүрүүдө абдан керек болот. Эң негизгиси тартип болушу керек. Ар ким өз ишин аткарып жатканда тартипти сактаса, көп иштерди жасайбыз», - деди Сарыбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×