Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 18.07.2018 10:45 На русском

Видео – Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашов шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабар чысы маалымдады.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Абдижалил Муратовдун айтымында, Таалайбек Сарыбашов шаардын мэри кызматына жалгыз талапкер болгон. Бүгүнкү шайлоого шаардык кеңештин 45 депутатынын бардыгы катышты. Алардын 44ү талапкердин шайлануусуна «макул» добуш берсе, «каршы» 1 добуш берилди. Жараксыз бюлетендер чыккан жок.

Депутаттар жаңы мэрге ак калпак, чепкен кийгизишти.

Таалайбек Сарыбашов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал Ош облусунун жетекчиси кызматына Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген болчу. Оштун буга чейинки мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы кызматка дайындалгандыгы үчүн шаардын мэри кызматынан бошотулган болчу.

Мэрдин убадасы:

Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэрин шайлоо үчүн кезексиз сессияга чогулушкан.

Маалыматка караганда, сессияга Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын бардыгы катышып жаткан. Мэрликке талапкер Таалайбек Сарыбашов өзүнүн программасын тааныштырган.

«Ош шаарын өнүктүрүүгө базар экономикасынан баштап туризм жана ишкерлерди колдоо жагын алдыга коюп жатабыз. Мындан сырткары шаардагы жол тыгынын жолдордун абалын жакшыртууга көңүл бурабыз. Эл аралык жолдорду дагы жөнгө салуу керек. Азыр шаарда наристелерибизин 30% гана бала бакча менен камсыз болуптур. Ушул жагын дагы колго алабыз. Ошту 2 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөртүүгө аракет кылабыз. Сиздер колдоп берсеңиздер таза, ак иштеп берем», - деген талапкер.

Депутаттардын арасынан 3 адам шайлоонун жүрүшүнө комиссия катары шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×