Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Асманда төрөлгөн ымыркай: Учакта көз жарган келиндин төрөтүн борттун коштоочусу кабыл алган (видео)

Turmush -  Ош шаарынан Екатеринбургга учуп бара жаткан учакта көз жарган 22 жаштагы келиндин төрөтүн борттун коштоочусу Татьяна Булаева кабыл алган. Бул тууралуу Ош шаардык периниталдык борборунун жетекчиси Зейнеп Исраилова билдирди.

Анын айтымында, төрөттү кабыл алган Т.Булаева 3 жыл тез жардам кызматында иштеген.

«Учак конгондон кийин эне-баланы тез жардам кызматы Ош шаардык периниталдык борборуна алып келишти. Борттун коштоочусу 3 жыл тез жардам кызматында фельдшер болуп иштегендиктен төрөттү оңой эле кабыл алганын айтты. Келин Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну. Ал уул бала төрөдү. Ымыркайдын салмагы 2 кг 600 гр, ал эми бою 47 сантиметрди түзөт. Учурда эне-баланын абалы жакшы болгондуктан үйүнө чыгарылды. Азырынча ымыркайга ат коюла элек», - деди ал.

Буга чейин 7-июль күнү саат 15:00 чамасында «Ош» эл аралык аэропортунан Россиянын Екатеринбург шаарына учуп бара жаткан учакта кош бойлуу келин көз жарганы маалымдалган.

Бул окуяга байланыштуу учак кайра Ошко кайтууга мажбур болгон. Учак конгондон кийин эне-баланы тез жардам кызматы Ош шаардык периниталдык борборуна жеткиришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1536
Көп окулду
×