Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 09.07.2018 16:52 На русском

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке талапкер көрсөттү

Turmush -  Бүгүн, 9-июлда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясы чогулуп, Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. Жыйын жабык өтүп, ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да катышканын шаардык кеңештен тастыкташты.

Көпчүлүк коалицияны КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт.

Т.Сарыбашов

А 18

Буга чейин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэри кызматына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн экендиги Turmush басылмасына өздүк булактар кабарлаган.

Мэрди шайлай турган шаардык кеңеште 6 фракция, 45 депутат бар. Ал эми көпчүлүк коалиция КСДП, «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан түзүлүп, 27 эл өкүлү кирген.

2016-жылы өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы:

- КСДП (16 мандат);

- «Кыргызстан» (9 мандат);-

«Мекеним Кыргызстан» (6 мандат);

- «Республика — Ата Журт» (5 мандат);

- «Бир-Бол» (5 мандат);

-«Өнүгүү Прогресс» (4 мандат).

Учурда Ош шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев аткарып жатат.

-----------------------------------------------------------------------------

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы 3-июлда маалым болду. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлө турганын жарыялады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×