Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 07.07.2018 14:36 На русском

Ошто жеңил унаа менен мал жүктөлгөн унаа кагышып, экөө тең талкаланды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы жол кырсыктан бир адам жабыркап, бирок күнөөлүү тарап жоопкерчиликке тартыла элек. Окуя 2018-жылдын 24-июнунда саат 04:30 чамасында болгон.

Маалым болгондой, Д.С. башкарып бара жаткан «Ауди-80» үлгүсүндөгү автоунаа менен «ДЭУ Лабо» унаасы кагышкан. Анын кесепетинен мал базарга мал жүктөп бара жаткан экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген болчу.

Алгачкы текшерүү учурунда «Ауди» унаасынын 1994-жылы туулган айдоочусунда айдоочулук күбөлүгү жок экени жана ошол учурда мас абалда болгону аныкталган. Өздүк булактар кабарлагандай, бул айдоочу, тактап айтканда аскер кызматкери бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жоопкерчиликке тартыла элек.


Ош шаарындагы кырсык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×