Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 07.07.2018 10:36 На русском

Ошту деталдык пландоо долбоорyна сын айтышты: 5,8 млн сом бөлүнүп, иш 9 айдан бери аяктайт элек (видео)

Turmush -  Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору 9 айдан бери толук иштелип бүтпөй, бөлүнгөн каражат дагы толугу менен пайдаланылган эмес. Бул тууралуу 6-июлда Ош шаардык мэриясында өткөн талкууда шаардык кеңештин депутаттары айтып чыгышты.

Алардын айтымында, өткөн жылы деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга бюджеттен 5 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Депутаттардын бири Жыргалбек Тажибаевдин айтымында, Ош шаардык мэриясынан шаардын деталдык пландоо долбооруна эч ким көңүл бурбай жатат.

«Биз 2016-жылы Ош шаарынын башкы планын 2025-жылга чейин деп кабыл алганбыз. 2017-жылдын октябрь айында Ош шаардык кеңеши шаардын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгууга 5 млн 800 миң сом каражат бөлүп беришкен. Бул долбоор шаардын тургундары үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени курулушка уруксат бериле турган жерлердин картасы деталдык планда толугу менен иштелип чыгат. Бул маселени чечүүгө шаардык депутаттар да кызыкдар. Бирок 5 млн 800 миң сом ушул күнгө чейин толугу менен пайдаланылган эмес. Арадан 9 ай өтсө дагы жыйынтык жок. Тектоникалык жаракаларды аныктоого дагы каражат сурап кайрылышкан эмес. Жеке менчикке берилген жерлерди эле тектоникалык жаракада турат деп уруксат берип коюшкан.

Бүгүн долбоорду ишке ашырууга 16 млн сом керектеле турганын Ош шаардык архитектура башкармалыгынан айтып жатышат. Бирок бизге каражат бөлүп берүү боюнча Ош шаардык мэриясы тарабынан бир дагы кат түшкөн жок. Биз эртерээк бүтүрүү талабы менен каражатты таап, бөлүп берүүгө даярбыз. Мамлекеттик бюджеттен жылына 200 млн сом бөлүнөт. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен карап бере алабыз», - деди Ж.Тажибаев.

Ал эми Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошевдин айтымында, шаардын деталдык планы жалпы 3,5 миң гектар жерди аныктайт.

«Деталдык пландоо долбоорунда Ош шаары байыркы шаар катары, борборундагы Сулайман-Тоо эске алынып, атайын идеология иштелип чыгып, идеологиянын негизинде имараттардын жайгашуусу каралышы керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан деталдык пландоо долбоору иштелип чыгууда. Азыр биринчи этабы иштелип, шаардын комплекстүү абалы изилденүүдө. Деталдык пландоо долбоорун Ош шаардык кеңеши беките тургандыктан, учурда Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен тыгыз иш жүргүзүп келебиз.

Шаардын деталдык пландоо долбоорунун бүтүшү 2019-жылдын аягына чейин деп каралган. Учурда мамлекеттик долбоорлоо институтунан адистер келип, иштеп жатышат. Бүгүн талкууда деталдык пландоого каражаттын толук бөлүнүшү боюнча да айтылды. Эгер каражат толугу менен бөлүнсө, деталдык пландоо долбоору эртерээк аякташы күтүлүүдө», - деди А.Жолдошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×