Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 06.07.2018 18:10

АКИ-ТV: Ош шаарынын мэрлигине кандай адам татыктуу? (сурамжылоо)

Turmush -  Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленип, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция аталган кызматка өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн экени маалым болду. Turmush басылмасынын кабарчылары Ош шаарынын мэрлигине кандай адам татыктуу деген суроону шаардыктарга берип, аладын пикирин угушту.

Сурамжылоого катышкан шаардыктардын бир бөлүгү коррупцияга малынбаган, таза адам мэрликке татыктуу экенин айтышса, дагы бир бөлүгү мурунку мэрлер — Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаевдин жолун жолдогон адам мэр болушу керектигин айтышты.

Ал эми улуу муундагы адамдардын айтымында, мыйзамсыз иштерге аралаша элек жаш кадрлар мэр болушу керек. Шаардын айрым тургундары калаанын социалдык-экономикасына кам көргөн, чет мамлекеттен инвестиция тарта ала турган билимдүү адамдар мэрликке татыктуу экендигин белгилешти.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өкмөткө каршатуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалганы маалым болгон. А.Кадырбаев Ош шаарынын мэри кызматына 2014-жылы шайланган. Ал 2016-жылы экинчи жолу мэрликке шайланган болчу.

Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри кызматына 5 талапкердин ысымы айтылып жатат.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Сиздин пикирди бул шилтемедеги сурамжылоо аркылуу билдирсеңиз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×