Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Оштун мэрине көпчүлүк коалиция көрсөтүүчү талапкер белгилүү болду

Turmush -  Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэри кызматына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Turmush басылмасына бүгүн, 6-июлда өздүк булактар кабарлады.

Жакында Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, Т.Сарыбашовдун талапкерлигин карайт. Ал эми шайлоо 18-июлга белгиленген болчу.

Т.Сарыбашов

А 18

Мэрди шайлай турган шаардык кеңеште 6 фракция, 45 депутат бар. Ал эми көпчүлүк коалиция КСДП, «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан» фракцияларынан түзүлүп, 27 эл өкүлү кирген.

2016-жылы өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы:

- КСДП (16 мандат);

- «Кыргызстан» (9 мандат);

- «Мекеним Кыргызстан» (6 мандат);

- «Республика — Ата Журт» (5 мандат);

- «Бир-Бол» (5 мандат);

-«Өнүгүү Прогресс» (4 мандат).

Учурда Ош шаарынын мэринин милдетин биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев аткарып жатат.

-----------------------------------------------------------------------------------------------

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы 3-июлда маалым болду. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлө турганын жарыялады.

Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри кызматына 5 талапкердин ысымы айтылып жатат.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Сиздин пикирди бул шилтемедеги сурамжылоо аркылуу билдирсеңиз болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8097
Көп окулду
×