Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Оштогу футбол талаада «Алай» менен «Кара-Балтанын» беттеши 2:1 эсебинде аяктады

Turmush -  Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун алкагында Оштун «Алай» клубу менен Кара-Балта шаарынын «Кара-Балта» клубунун оюнчулары кечээ, 5-июлда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев стадионунда кездешти. Оюндун биринчи таймынын 12-мүнөтүндө эле коноктордун активдүү чабуулунун натыйжасында «Кара-Балта» клубунун чабуулчусу Атай Жакыпбаев алгачкы голду киргизди.

Биринчи таймда тараптар мындан башка гол киргизе алышкан жок. Оюндун экинчи жарымында эки тарап тең чабуулга аракет кылып жатышты. Качан гана убакыт 72-мүнөткө барганда үй ээлеринин чабуулчусу Амуриддин Шарифи «Алайдын» эсебине оюндагы биринчи голду жазды. Ал эми арадан 3 мүнөт өткөндөн кийин, тактап айтканда 75-мүнөттө «Алай» клубунун жарым коргоочусу Элдияр Сардарбеков айып аянтчадан топту таамай тээп, дагы бир гол жаратты. Ал командага «Абдыш-Ата» клубунан жаңы гана кошулган.

Оюндун жыйынтыгында үй ээлери конокторду 2:1 эсебинде жеңди.

Эми кийинки оюнду «Алай» менен «Кара-Балта» командаларынын оюнчулары Кара-Балтадагы стадиондо өткөрөт. Анын жыйынтыгында жеңишке жеткен тарапка кийинки турга чыгуу мүмкүнчүлүгү берилет.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 509
Көп окулду
×