Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Майып арабадагы мугалим: Жабырлануучунун жакындары cоттон адилеттүү чечим күтөт (видео)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы №109 кесиптик лицейдин директору тарабынан окуу иштери боюнча орун басары Бакыт Супатаев сабалганы буга чейин айтылган. Бул иш боюнча лицейдин директоруна кылмыш иши козголуп, бирок ушул убакка чейин бир тараптуу чечилбей келе жатат. Буга чейин өзүнүн досун сабады делген лицейдин директорунун жакындары АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушкан эле.

Алар директордун айыпсыз экенин, сабалды делген Бакыт Супатаев өзү жыгылганын айтышкан. Бирок айыпталуучу тараптын мындай билдирүүсүнө Бакыт Супатаевдин жакындары карманча каршы турушат. Бүгүн, 5-июлда алар АКИпресс-Ошто маалымат жыйынга чогулуп, чындыгында эле Б.Супатаев лицейдин директору тарабынан сабалганын, күбөлөр бар экенин, анын кесепетинен жабырлануучу бир нече ай комада жатканын айтышты. Учурда Б.Супатаев тынымсыз дары-дармек колдонот.

Жабырлануучу тарап аталган ишти калыс жана адилеттүү чечүүнү президенттен суранышты.

Ош

Бакыт Супатаевдин агасы Токтосун Супатаев инисинин сабалгандан кийинки абалына токтолду.

«2017-жылдын 6-апрелинде эртең менен инимдин кошунасы телефон чалды. Ал инимдин абалы оор экенин айтты. Мен дароо унаам менен инимдин жанына бардым. Менин алдымда тез жардам кызматы да барган болчу. Барсам инимдин абалы чындыгында абдан оор экен, бетинде жаракаты бар болчу. Мурунунун үстү сыйрылып, кулагынын төмөн жагында так бар экен. Тез жардам кызматкерлери алып кетебиз дегенинен өйдө көтөрсөк кийимдери суу болуп калыптыр. Кийимин чечип көргөнүмдө денесинин оң жагында, бутунда тактары бар экен. Кийимдерин алмаштырып, тактарын көргөндөн кийин жыгылса мынчалык болбойт эле деген ой кетти. Бирок инимдин абалы абдан оор болгондуктан ооруканага алып барууга туура келди. Ооруканага алып баргандан кийин инимдин эмне болгонун ошол жактан уктум.

Ооруканадагылар кечээ иниңиз достору менен ичип жүргөн дешти. Мен дары алганы кетип, кайтып келсем инимди сабады деген директордун аялы, инимдин окуяга күбө болгон досу ал жаткан бөлмөгө кирип, бутуна ийне сайып, көздөрүн ачып жатышыптыр. Мен дарыгерлер менен урушуп, аларды иним жаткан бөлмөдөн чыгардым. Окуяга күбө болгон инимден окуя боюнча сурасам, «мен урган жокмун, лицейдин директору таяк менен башка чаап жиберди, мен жөн гана экөөнү ажыраттым. Таягын ыргытып жибердим», - деди.

Андан кийин окуя болгон жерге барып, ошол жерде иштеген кароолчудан сураштырып жатып экиге бөлүнүп калган таякты таптым. Инимдин абалы оор болгондуктан аны райондогу ооруканага алып келдик. Андан кийин атайын унаа менен Ошко алып бардык. Ошто томографияга салып көргөндөн кийин тезинен операция кылышарын айтышты. Операциядан кийин 3 айдан ашык комада жатты. Бул аралыкта директордун ата-энеси менин үйүмө кечирим сураганы барышыптыр. Айыл аксакалдары барды, туугандары ар дайым барып жатышты. Инимдин дары-дармегине 70 миң сом акча беришти. Арадан 1 ай өткөндөн кийин 100 миң сом акча, Оштогу жер тилкенин документин алып келишиптир. Бергендерин мен албай койдум. Кийин акчасын кайра алып кетишкен. Арадан дагы 2 күн өткөндөн кийин баягы акчанын үстүнө 2 жылкы кошуп беребиз дешти. Ага макул болбой, мыйзам чегинде жазалансын дедим. Андан кийин директорго кылмыш иши козголуп, күбөлөр суралып, инимди ким урганы айдан ачык болсо да ушул убакка чейин айыпталуучу тарап жазаланбай келет. Качан гана биз жайтоочу жалдап ишке киришкенибизде, 3-июль күнү болгон соттук кароодо гана биздин ишибиз алдыга жыла баштады», - деди ал.

Супатаевдин жубайы Айзат Мырзакеримова жолдошунун учурдагы абалы боюнча айтты.

«Жолдошум бүгүнкү күндө дарылар менен гана жашап жатат. Жүрөккө кеткен бир чоң тамырында тромб бар. Анын кесепетинен ал көп убакыт бир жерде отура албайт. Белине да катуу сокку жегенби, айтор жолдошумдун бир жерде отуруусу кыйынга турууда. 1 жылдан ашык убакыт болду, бирок жолдошумду сабагандар жазаланбай келет. Балдарым жаш, үйлөнө элек.

Буга чейин жолдошум журналисттерге досу — лицейдин директору аны мурунуна башы менен сүзгөнүн, мурдун кармап эңкейип калганда колундагы таягы менен башка чапканын, андан аркы окуяны эстей албаганын айткан. Көзүн ачканда ооруканада жаткан. Мындан улам мен бул иш боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке кайрылат элем, ушул ишти калыс, адилеттүү чечип беришсин.

Бул кылмышты жасаган тарапка да кайрылам. Адам баласы жашоого бир эле жолу келет, ушул бир күндүк жашоодо татыктуу жашап, абийирибизди сатпай, калыс болууга чакырм», - деди жабырлануучунун жубайы.

Жабырлануучунун жактоочусу Маматмуса Алымкулов бир нече айдын ичинде чечиле турган иш 1 жылдын ашык убакытка созулуп кеткенин, мындан ары бул адилеттүү чечилерине үмүт артып турганын жана окуя боюнча күбөлөр абдан көп экенин кошумчалады.

«Бул иш бир нече айдын ичинде адилеттүү чечилиши керек болчу. Бирок иш 1 жылдан ашык убакытка созулуп жатат. Буга чейин айрым органдар тарабынан кылмыш ишти жаап-жашыруу аракеттери болуп келген. Бүгүнкү күндө окуяга күбө болгон күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши ачыкталып, иш Ош шаардык сотуна өттү. Ишти Ош шаардык сотуна өткөргөнүбүзгө буга чейинки жаап-жашыруулар себеп болду. Кара-Кулжа райондук тергөө бөлүмүнө, прокуратурасына, сотуна ишенбөөчүлүк билдирип, Ош шаарына өткөрдүк. Биринчи сот отуруму 3-июль күнү болуп, 6-июлга кайрадан жылдырылган. Буга ишке тиешелүү күбөлөр толук келбей калганы себеп болду», - деди ал.

Бул окуядан бери жабырлануучу майып араба колдонууга аргасыз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 680
Көп окулду
×