Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ошто жаш балдар жоголгондугу тууралуу маалыматтар калп, - ШИИБ

Turmush -  Ош шаарында жаш балдар жоголгондугу тууралуу эл арасында тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, деп билдирди бүгүн, 4-июлда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы.

«Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата жаш бала дайынсыз жоголуп кеткен бир дагы факты жок. Адашып же үйдөн чыгып кеткен балдар табылып, ата-энелерине тапшырылган. Айрым социалдык түйүндѳрдѳ, ѳзгѳчѳ WhatsApp аркылуу жаш балдардын жоголуп жаткандыгы тууралуу эскертүүлѳр чындыкка дал келбейт. Мындай жалган маалыматтарды айрым адамдар жашыруун ат менен социалдык түйүндѳр аркылуу таратышып, калк арасында дүрбѳлѳң салууга аракет жасашып жатышат.

Ушул сыяктуу маалыматтарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ишеним телефондорунан тактап алсаңыздар болот», - деп айтылат ШИИБдин билдирүүсүндө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен байланыш номуру: 03222-2-10-06.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1246
Көп окулду
×