Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 04.07.2018 13:36 На русском

Ош шаарынын мэрин шайлоо күнү белгиленди

Turmush -  Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлөт. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 4-июлда кабыл алды.

Turmush басылмасына булактар аркылуу белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри кызматына талапкерлер да атала баштады. Азырынча 5 адамдын ысымы айтылып жатат.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Буга чейин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы кечээ, 3-июлда маалым болгон. Буга чейин А.Кадырбаев мэрликтен кете турганы айтылып жаткан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×