Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Фото — Оштун борбордук базарындагы 8 контейнер өрттөнүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 4-июлда Ош шаарынын борбордук базарынын курулуш материалдарын саткан бөлүгүндө өрт чыгып, 8 контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин Ош шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт базардагы темир контейнерден жасалган ашканадан чыгып, жанындагы контейнерлерге жайылган. Анын кесепетинен 8 контейнер өрттөнүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт ашканадагы газ баллондон чыккан. Адамдар жабыркаган жок. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, өрттүн себеби жана чыгымдар такталууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2488
Көп окулду
×