Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 04.07.2018 11:51 На русском

«Күйөөмө экинчи аял болуп, бала төрөп бер»: Күндөшүнө алданганын айткан эне эгиз кыздарын жалгыз өстүрүп жатат (видео, фото)

Turmush -  Ноокат шаарынын 40 жаштагы тургуну Дилафруз Хошимова эгиз кыздары менен жаман абалдагы үйдө жашап, жолдошу таштап кетип жардам бербей жатканын АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтып чыкты.

Анын айтымында, 2007-жылы Заип аттуу адам менен таанышып, эгиз кыздуу болушкан.

«Ал аялы төрөбөй турганын айткан болчу. Андан кийин анын аялы да келип, бала төрөп берүүмдү суранды. Күндөшүм "бейишке чыгышым керек, күйөөмө экинчи аял болуп, бала төрөп бер" деди. 2008-жылы эгиз кыздарды төрөдүм. Бирок бардык ызы-чуу ошол мезгилде башталды. Алимент төлөө боюнча аны сотко берсем, Ноокаттагы сот аткаруучулар да карабай жатат. Мени күйөөмдүн туугандары "кыздарыңды өзүң кара" деп бычак менен коркутушту. Көп жерге кайрылып, көбү ортого түштү. "Сен кембагалсың, эч нерсе колуңдан келбейт" деп келекелешти. Жашап жаткан үйүмдүн абалы начар. Мен өзүм үчүн эмес, кыйналган аялдардын, ташталган балдардын атынан айтам. Эмне үчүн бизге окшогондорго көңүл бурулбайт?», - деди ал.

Эгиз кыздарын жалгыз өстүрүп жаткан эне мыйзамдуу түрдө алимент алууга жардам сурайт.

«Кыздарыма китеп да сатып бере албай жатам. Алсыз аялдар менен ташталган балдарга көңүл бурулсун. "Күйөөмө экинчи аял болуп бер" деп айткан аялдарга ишенбегиле. Мен алданып калдым. Кыздарым менен жалгыз жашайм. Үйүм кышка чыдабайт. Эгерде күйөөмдө үй сатып алууга каражаты жок болсо келбейт элем. Анын колунда бар, үй сатып берүүгө каражаты жетет. Өзү эки кабаттуу хан сарайда жашайт. Тааныш-билиши жана акчасы көп болгону үчүн арызданганым менен жыйынтык чыкпай жатат. Өзүмдүн бир туугандарым да жок», - деди Д.Хошимова.

Ал эми эгиз кыздардын атасы Заипжан Закировдун айтымында, кыздарына жардам берип келет.

«Жакында эле кыздарыма 15 миң сом берип, кийим-кече да алып бердим. Мындан кийин да жардам берем. Эгиз кыздар меники экенин танбайм. Убагында ал аялга адашып үйлөнгөм. Мен анын үчүнчү күйөөсү болчумун. Аял киши күйөөсүн урматташ керек. Үйүн оңдоого да акырындан жардам берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×