Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ошто акыркы 2 айда сууга чөгүп 4 адам каза болду

Turmush -  Ош шаарында акыркы 2 айда сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактабагандыктан 4 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу кечээ, 3-июлда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө өспүрүм болсо, бирөө чоң курактагы адам болгон. Ош ШИИБдин кызматкерлери шаардын аймактарында сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин улантышууда. Өткөн жумада милиция кызматкерлери Ош шаарынын Амир Темир, Туран жана Черемушка кичи райондорунда болуп, эскертүү баракчаларын таркатышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
Көп окулду
×