Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Вице-мэр Саибжан Турдуев Ош шаарын убактылуу жетектейт

Turmush -  Шайлоого чейин Ош шаарынын мэринин милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев аткарат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Азырынча шайлоо өтө турган күн тактала элек.

Мэр Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы бүгүн, 3-июлда белгилүү болду.

Кийинчерээк Ош шаарынын мэри кызматына талапкер катары азырынча 5 адамдын ысымы айтылып жатканы маалым болду.

Алар:

- Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов (КСДП);

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков («Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбековдун бир тууганы);

- Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы);

- Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевич (Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мурунку төрагасы, убактылуу бош).

Сиздин пикирди бул шилтемедеги сурамжылоо аркылуу билдирсеңиз болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1045
Көп окулду
×