Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 03.07.2018 11:51 На русском

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы кызматка дайындалды

Turmush -  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, ал жамаат менен да таанышты.

Буга чейин бул кызматты Азамат Оморов ээлеп келген. Ал мындан ары Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүн жетектейт.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, «Даңк» орденинин ээси А.Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп 2014-жылдын 15-январында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 25 эл өкүлү анын талапкерлигин колдогон болчу.

Анын негезинде БШК 2014-жылдын 20-январында А.Кадырбаевди Ош шаарынын мэри кылып бекиткен.

Кийинчерээк Ош шаарынын мэри кызматына талапкер катары азырынча 5 адамдын ысымы айтылып жатканы маалым болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×