Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ошто үй камагына чыккан спортчу менен кылмыштуу топтун мүчөсү эми зордуктоого шектелип кармалды

Turmush -  Ош шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде эки тургундун жаагын сындыра уруп, бирине жеңил жаракат келтирген спортчу менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү башка кылмышка шектелип, кайрадан камакка алынды.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган Ош шаарынын тургундары — 1993-жылы туулган Ж.Б. (уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары атайын тизмеде турат) жана 1994-жылы туулган А.Б.нын үстүнөн кайрадан арыз түшкөн.

25 жаштагы аял өз арызында аталган жарандар зордукташканын жазган. Шектүүлөр 30-июнга караган түнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Буга чейин аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги 105-берене (саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) негизинде айыбы угузулуп, тергөө жүрүп жаткан. Эми аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги 129-берененин (зордуктоо) негизинде экинчи кылмыш иши козголду.

Буга чейин 27-июнда Ош шаардык соту бейбашчылыкка шектелип кармалган адам менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн үй камагына чыгарган. Ош ШИИБдин тергөө кызматы шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн келтирген.

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-июнь күнү шаардын Петров көчөсүндө жайгашкан саунада мушташ чыккан. Оперативдүү тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда жабырлануучулар белгисиз адамдар себепсиз токмоктоп, из жашырып кеткенин айтышкан. Алардын экөөнүн жаак сөөгү сынып, бири жеңил жаракат алганы аныкталды.

Окуядан көп узабай, 25-июнь күнү аталган кылмышка шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алардын бири — ММА боюнча спортчу, 1994-жылы туулган А. у Б., экинчиси — Ош шаарынын 1993-жылы туулган тургуну Ж.Р. Экинчи шектүү ИИМдин тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы анык болгон.

Аларга карата козголгон Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берене (бейбаштык) 105-беренеге (саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) өзгөртүлгөн болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6264
Көп окулду
×