Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ош

Ошто 24 жаштагы келин операция жолу менен төрөгөндөн кийин каза болду

Turmush -  Ош шаарында 24 жаштагы келин операция жолу менен төрөгөндөн кийин жүрөгү токтоп каза болду. Бул маалыматты бүгүн, 14-июнда Turmush басылмасына Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан тастыкташты.

Дарыгерлердин айтымында, 1994-жылы төрөлгөн Р.М. 2018-жылдын февралынан тарта (кош бойлуулуктун 24-25-жумасы) кан түкүрүп, жөө баскан учурда кыйналып баштаган. Буга байланыштуу жеке клиникалардын биринде текшерүүдөн өтүп, компьютердик томографияга түшүү сунушталган. Бирок ал толугу менен текшерүүдөн өткөн эмес.

Кош бойлуу келин 19-майда жеке клиникага кайрылып, 1-июнь күнү мөөнөтүнөн мурда операция жасалып, баласы алынган. Андан эки күндөн кийин, тактап айтканда 3-июнда келиндин абалы начарлап, кайрадан тешкерүүдөн өткөрүлгөн. 7-июнда башка жеке клиникага которулуп, абалы оорлошкондо дарыгерлер 7-июнда саат 21:10до Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын кардиореанимация бөлүмүнө которууну чечишкен.

Анын эртеси, 8-июнда хирург, пульмонолог, гинеколог жана кардиологдор текшерип чыгып, керектүү дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок андан берки аракеттер жыйынтык бербей, 12-июнда саат таңкы 5:30да 24 жаштагы бейтап жүрөгү токтоп көз жумган.

Учурда ымыркай дарыгерлер менен жакындарынын көзөмөлүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 852
Көп окулду
×