Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 12.06.2018 17:34

Оштогу 44 мечитте Кадыр түн тосушту

Turmush -  Бүгүн, 12-июнга караган күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу 44 мечитте Кадыр түн тосуу иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулду. Алардын ичинен башкы иш-чаралар «Сулайман-Тоо» мечитинде өткөрүлгөн.

Уюштуруучулардын айтымында, Кадыр түн тосууга «Сулайман-Тоо» мечитине жалпы 20 миңдей адам чогулган. Жараткандан тилектерин орундатууну суранып, жакшы үмүт кылган жашоочулар менен меймандарга шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев Орозо айынын таржымалы, Кадыр түндү тосуунун жол-жоболору, тарыхы жөнүндө баяндарды айтып берди. Ошондой эле элди ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакырып, жыйынтыгында сый тамак тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×