Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 12.06.2018 12:43

Ошто каналга агып каза болгон 6 жаштагы баланын ата-энеси Россияга кетишкен

Turmush -  Кечээ, 11-июнда саат 14:30 чамасында Ош шаарынын Туран кичи шаарчасынын 6 жаштагы тургуну Ош-Араван каналынын жээгинде ойноп жатып, кокустан сууга түшүп кеткен. Баланын сууга агып баратканын кѳргѳн жашоочулардын жасаган аракеттеринен жыйынтык чыккан эмес.

Баланы суудан чыгарып, ооруканага алып барышканда ак халатчандар ал ооруканага чейин эле каза болгонун айтышкан.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, көз жумган баланын ата-энеси Россияга эмгектенүү үчүн кетишип, ал 65 жаштагы таенесинин колунда тарбияланып жаткан. «Сууга түшүү сезону башталды. Балдарыбыздын коопсуздугуна кам кѳрүүнү күчѳтѳлү», - деп эскертет Ош ШИИБ.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы каналынын суусуна 6 жаштагы кыз агып кетип каза болгонун билдирген. Бул маалымат такталгандан кийин уул бала көз жумганы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×