Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 11.06.2018 18:20

Ошто апасына таарынган студент кыз уксустун аралашмасын ичип алган

Turmush -  Ош шаарында 22 жаштагы студент кыз апасы урушкандан кийин уксустун аралашмасын ичип алган. Кыздын органдары катуу жабыркабагандыктан ашказаны тазаланып, үйүнө чыгарылганын Ош шаардык ооруканасынын кечиктирилгис кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Шүкүров билдирди.

«Студент кыз 8-июнь күнү кечки саат 23:20да келип түшкөн. Ал уксустун аралашмасын ичип, бактыга жараша ички органдарга катуу залал келген эмес. Биз ашказанын тазалап, өзүнүн каалоосу менен үйүнө чыгарганбыз. Азыр дагы амбулатордук жардам алып жатат. Учурда тамак ичип, жакшы болуп калды жана биздин көзөмөлдө турат», - деди С.Шүкүров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×