Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 11.06.2018 14:21 На русском

Ошто 98 млн рублдик жабдуулары бар лабораториянын иши токтоп турат (фото)

Turmush -  Оштогу түштүк региондук ветеринардык, диагностикалык экспертиза борбору тамак-аш коопсуздугун текшерүүгө толугу менен даяр. Бирок текшертүүгө кардар жок. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Ислам Абдымомунов билдирди.

Аталган борбордун 98 млн рублге алынган изилдөөчү жабдуулары менен кечээ, 10-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов таанышкан.

«Биздин лабораториябыз толугу менен жаңыланды. Азык-түлүктү текшерүү үчүн 5 жабдык Россия Федерациясы тарабынан гранттык негизде 98 млн рублге алынып келген. Лаборатория өткөн жылы ишке кирген, бирок балды, азык-түлүктөрдү текшертүүгө бир да кардар келбей жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×