Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 11.06.2018 10:10

Ошто 1 млн сомдон ашык акчаны алдап алган аял кармалды

Turmush -  Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан адамдарды алдап жүргөн шектүү аял кармалды. Сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырганын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары менен маалым болгондой, шектүү аял жабырлануучулардын биринен 600 миң сом, экинчисинен 300 миң сом, ал эми үчүнчү олжосунан 200 миң сом, дагы биринен 100 миң сомду карызга деп алдап алган. Андан бери аларга көрүнбөй, из жашырып жүргөн.

Учурда шектүүдөн жабыркаган башка жабырлануучуулар такталып жатат. Шектүү буга чейин да алдамчылык менен 2 жолу соттолгону маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×